Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

“Ынтымак” телеканалынын директору болуп Эрмек Муратбек уулу шайланды


“Ынтымак” телеканалы жайгашкан имарат.
“Ынтымак” телеканалы жайгашкан имарат.

6-июнда “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясынын жетекчиси кызматына экинчи жолу шайлоо өтүп, Эрмек Муратбек уулу каналдын директору болду. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин алты мүчөсү бир добуштан колдоду. Эрмек Муратбек уулу буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы кызматын аркалаган.

Эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарышы керек.

Каналдын жетекчилигине ачык сынак жарыяланган. Башында үч талапкер атаандаш болуп, эки талапкер бирдей добуш алганына байланыштуу экинчи турга калган. Талапкерлердин бири Орозбек Шарабидин уулу буга чейин “Кабар” маалымат агенттигинин Оштогу өкүлү болуп иштеген.

Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан “Ынтымак” телеканалы 2012-жылы алгач радио журнал болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган.

Радионун түптөлүшүнө Ош, Жалал-Абаддагы 2010-жылдагы Июнь коогасы түрткү болгон. Анын кызматкерлерине кандуу окуяларды баштан кечирген элдин бири-бирине ишенимин кайтаруу, ынтымакка чакыруу, бириктирүү милдети жүктөлгөн. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG