Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссиянын алгачкы отуруму өттү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия 5-июнда алгачкы отурумга чогулду. Анда комиссиянын жетекчисин шайлоого байланыштуу маселе гана каралганын “Азаттыкка” депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурордун сунуштамасы комиссия мүчөлөрүнүн колуна бүгүн гана тийди.

Комиссияга жетекчи болуп депутат Динара Ашимова шайланды.

“Шаршемби күнү улантабыз. Сунуштама колубузга эми гана тийди. Таанышып чыгышыбыз керек. Убактылуу комиссияга адатта бир айлык убакыт берилет. Эгер зарыл болсо, мөөнөтүн узартса болот”, - деди Кожокулова.

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Сунуштаманы карап чыгыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Анда түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG