Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи авиакаттам келди


AnadoluJet авиакомпаниясынын учагы.
AnadoluJet авиакомпаниясынын учагы.

3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи учагы Бишкекке конду.

“Манас” эл аралык аэропорту эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Бишкектен түз учса болорун билдирди.

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча Бишкке келген жүргүнчүлөр.
Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча Бишкке келген жүргүнчүлөр.

Маалыматта, каттам жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү болот. Август айынан тарта Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарылары пландалууда. Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

“Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттерди сатууга жана анын баасына кийлигише албай турганын эскертти. Мындан тышкары авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге да аралашпайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG