Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Президент Жапаров Украинадагы абалга токтолуп, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн колдорун билдирди


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп, Украинадагы кырдаалга токтолду. Ал Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын белгиледи.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт”, - деди Жапаров.

Ошондой эле “дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат” деп айтты.

Чолпон-Атада президент Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы экинчи саммити өтүп жатат.

АКИpress маалымат агентиги "Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел жолугушуу оңой эмес маалда өтүп жатканын, Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча аймактагы мамлекеттердин позициясы ар кандай экенин билерин жана аны сыйлай турганын айтты" деп жазды.

2-июнда Чолпон-Атага саммитке катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келди.

Европа кеңешинин төрагасы Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Атадагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырды.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи жолу өтүп жатат. Буга чейин былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG