Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Захарова: Кыргызстан орус тилин колдоо саясатын жүргүзөт деп ишенебиз


Мария Захарова.
Мария Захарова.

Орусия Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келет. Бул тууралуу 2-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын парламенти мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу суроого жооп берип жатып ал кыргызча билбегендер үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтты.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, - деди Захарова.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттеги талкуу учурунда долбоор мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганы, ал талдоонун негизинде жана эксперттердин, окумуштуулардын, жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканы айтылган.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Садыр Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган.

Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG