Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

Дүйнөдө популярдуу D Billions тобунун алгачкы концерти Бишкекте өттү


D Billions тобунун "Ала-Тоо" аянтындагы концерти. 01.06.2023-ж.
D Billions тобунун "Ала-Тоо" аянтындагы концерти. 01.06.2023-ж.

YouTube каналында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions чыгармачыл тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу Бишкекте жеке концертин берди.

"Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык салтанатка 30-40 миңдей көрүүчү топтолду. Эртең мененки саат 10до башталган иш-чара кечки 22:00гө чейин уланды.

Алгач сахнада кыргыз эстрада ырчылары, бийчилери өнөр тартууласа, кечки 21:00дө D Billions өз репертуарындагы хит ырлардан аткарып беришти.

D Billions тобунун концертине келген эл. 01.06.2023-ж.
D Billions тобунун концертине келген эл. 01.06.2023-ж.

Ар түрдүү темадагы балдар ырларын аткарып, аны эл аралык аянтчаларга чыгарган D Billions музыкалык тобу 2019-жылы түзүлгөн. Топтун YouTube каналын Эрнис Уметалиев негиздеген.

Топтун YouTube каналына үч жыл мурда жүктөгөн алгачкы видеосу 83 миллиондой көрүнгөн. Айрым видеолору 2,5 миллиарддан ашык көрүүчү топтогон.

Негизги топто төрт артист ыр-бий аткарганы менен учурда 70ке жакын адам көшөгө артында эмгектенет.

D Billionsтун жетекчилеринин айтымында, чыгармачыл топ 2024-жылы дүйнөлүк турнеге даярданышууда. (MZh)

XS
SM
MD
LG