Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков аялын абактан бошотууну талап кылды


Равшан Жээнбеков жана анын аялы Салкынай Алимбаева экөө тең тергөө абагында. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков жана анын аялы Салкынай Алимбаева экөө тең тергөө абагында. Архивдик сүрөт.

Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Ал өткөн аптада тергөө абагына камалган аялы Салкынай Алимбаеваны бошотууну талап кылды. Саясатчынын кайрылуусунун текстин жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева “Азаттыкка” жиберди.

Равшан Жээнбеков кайрылуусунда кыргыз бийлиги балдарды коргоого түздөн-түз милдеттүү экенин, бирок анын 13 жаштагы кызы кароосуз калганын белгилеген.

“Урматтуу Камчы мырза, сиз экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Оппонентиңиз катары, жигит болсоңуз мени менен күрөшүңүз. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм жана жакындарым менен күрөшүп, 13 жаштагы кызымды кордоо сизге барк алып келсе да, нарк да алып келбейт. 13 жаштагы кызды энесинен ажыратпаңыз”, – деп айтылат оппозиционер абактан жазган кайрылууда.

Камчыбек Ташиев жана УКМКнын басма сөз кызматы абактагы саясатчынын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган. Ошол эле күнү Жээнбековдун уулу Азат Равшан өзү чет жакта экенин кабарлап, үйдө 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

УКМК Алимбаеванын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек. Анын адвокаты Разак Ашимбаев саясатчынын аялы Бишкектеги жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу кармалганын билдирген. Сотко кирип бара жаткан учурда Алимбаева журналисттерге учкай комментарий берип, тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айткан.

Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG