Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

УКМК: Баткенде эки чек ара тозоту ачылып, айрым бекеттер жаңыланды


«Ак-Сарай» чек ара тозоту. УКМК тараткан сүрөт.
«Ак-Сарай» чек ара тозоту. УКМК тараткан сүрөт.

Лейлек районунда "Ак-Сарай", Баткен районунда "Максат" чек ара тозоту ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Чек ара тозотторунун ачылышына 28-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

“Жатакана, спорттук, балдар үчүн аянтча, мончо, автоунаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо-шарт, эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, "Ак-Сарай" чек ара тозотунун курулушу 2011-жылдан бери бүтпөй келген.

УКМК Баткенде "Жаштык" жана "Чоң-Талаа" чек ара бекеттери дагы толугу менен жаңыртылганын кабарлады. Аталган бекеттер чек арачылар коюлган талаптарды аткарышы үчүн бардык каражаттар менен камсыздалганын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG