Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

Иран баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирди


Иран 2000 км аралыкка уча турган баллистикалык ракетасын көрсөттү. Мамлекеттик телеканалдар ракета бейшемби күнү ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялашты. Бул кадам Израилдин куралдуу күчтөрүнүн башчысы "Тегерандын өзөктүк программасына каршы аракет кылуу" демилгесин көтөргөндөн эки күн өткөндө жасалды.

Жакынкы Чыгыштагы эң ири ракеталык программалардын бирине ээ болгон Тегеран анын куралы чөлкөмдөгү Израилдин жана АКШнын базаларына жетет деп билдирди.

АКШ менен Европанын каршылыгына карабай, Иран өзүнүн “коргонуу” ракеталык программасын мындан ары да өнүктүрөрүн айтып келет.

Reuters агенттиги жазгандай, Ирандын коргоо министри Мохаммадреза Аштиани: "Ирандын душмандарына айтарыбыз, биз өлкөнү жана анын жетишкендиктерин коргойбуз. Досторубузга айтарыбыз, биз аймактык бейпилдикти сактоого жардам берүүнү каалайбыз", - деди.

XS
SM
MD
LG