Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Украина туткундан 106 аскери кайтып келгенин жарыялады


106 украин аскери орус туткунунан мекенине кайтты. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак билдирди. Анын айтымында, сегиз офицер, 98 аскер жана сержант Бахмуттун жанында согушкан. Алардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелген.

"Алар Бахмут үчүн салгылашып, душмандын андан ары, чыгышка карай илгерилешине жол бербеген эрдикти жасашты. Алардын ар бири мамлекетибиздин баатырлары", — деп жазган Ермак Telegram каналына.

"Украин чындыгы" гезити Чалгын кызматынын билдирүүсүнө таянып, украин аялдын жана эки чет элдик жарандын сөөгү алып келингенин жазды. Туткундан бошотулган аскер кызматкерлеринин улуусу 59да, кичүүсү 21 жашта. Украин бийлигинин маалыматына караганда, алмашуу жолу менен жалпысынан 2430 киши үйүнө кайткан. Алардын 139у жайкын тургундар.

Орусия туткундарды алмашууга байланыштуу комментарий бере элек. Орусияга канча киши кайтарылганы тууралуу маалымат жок. Согуш темаларын чагылдырган орусиячыл блогерлер туткундарды алмашууну Коргоо министрлиги эмес "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жүргүзүшү мүмкүн.

Эки тарап алмашуу тууралуу 6-майда кабарланган. Украинага Мариуполду коргоого катышкан 45 аскер кызматкери кайтарылган, Орусияга үч учкуч кайтып келген.

XS
SM
MD
LG