Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

ЖМК мыйзамында жумушчу топтун сунуштары эске алынбаганы айтылды


“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунда жумушчу топтун сунуштары эске алынган эмес.

Бул тууралуу "Институт медиа полиси" уюмунун юристи Нурбек Сыдыков Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын 26-майдагы жыйынында билдирди. Фракция Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциялык кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал тууралуу талкуу өткөрүп жатат.

Сыдыков мыйзам долбоору азыркы редакция менен кабыл алынса, "сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин" айтты.

Ал жумушчу топ 7-декабрдан 16-майга чейин үч гана жолугушуу болуп, жыйынтыгында берилген сунуш-пикирлер кирбеген, башка нормалар чыгып калганын белгиледи.

Талкуу учурунда баяндама жасаган журналист Дмитрий Ложников президент Садыр Жапаровду социалдык тармактардагы өзүнүн тарапташтары менен эмес, көз карандысыз ЖМКнын өкүлдөрү менен жолугууга чакырды. Ал президенттин администрациясы коомдук талкууга чыгарган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун токтотуп, жаңы долбоор даярдалышы керектигин айтты.

Дагы бир баяндамачы, журналист Канышай Мамыркулова президенттин өзүнүн тарапташтары менен жолукканын сындап, ал ЖМК мыйзамын медиа коомчулук өзү жазышы керек экенин, президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев журналистиканы түшүнбөгөндүктөн бийликке ыңгайлуу долбоор болуп калганын билдирди.

16-майда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун документти иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай туруп коомдук талкууга чыгарган.

Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтына 15-майда жарыяланган.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилери жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тармактык ЖМК катары каттоодон өтүшү керек. Арызда ЖМК продукцияны кайсы аймактарга таратары тууралуу болжолдуу маалымат, маалыматты жайылтуунун тили, каржылоо булактарын көрсөтүшү зарыл.

Ошол эле кезде мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билдирүүлөрүн жана материалдарын, ченемдик укуктук актыларын чыгарган сайттар каттоодон өтпөй турганы жазылган.

Президенттин администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго камтамчылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон.

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү президенттин администрациясы мыйзам долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ менен талдабай эле коомдук талкууга чыгарганын айтып, сынга алышууда. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG