Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

"Озоди": Кош жарандыгы бар тажиктерге Орусиядан чыгууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кош жарандыгы бар тажикстандыктар армияга электрондук түрдө чакыруу алгандан кийин, аларга Орусиядан чыгууга тыюу салынды.

Бул тууралуу "Озоди" радиосу Орусияда жашаган тажикстандыктарга таянып жазды. Алар бул жөнүндө "Мамлекеттик кызматтар" сайтынан кабардар болгонун айтышкан.

Маалыматты укук коргоочу Валентина Чупик ырастап, армияга электрондук чакыруу алгандар ага кайрылганын айтты. Орус бийлиги кош жарандыгы бар адамдарды Украинадагы согушка жибериши толук мүмкүн экенин кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-апрелде жарандарды аскерге электрондук түрдө чакыртууга жол берген мыйзамга кол койгон. Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.

Жаңы мыйзам аскерге барууга милдеттүүлөрдүн тизмесин түзүүгө жана аскерге жаңы ыкмалар менен чакырууга жол ачат. Мындай учурда кат же "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы аркылуу электрондук түрдө чакыруу келет. Буга чейин аскерге чакыруу жарандын өз колуна тапшырылган же жумуш берүүчү тарабынан берилип келген.

Жаңы мыйзамга ылайык аскерге чакыруу анын көчүрмөсү "Мамлекеттик кызмат" көрсөтүү порталындагы "жеке кабинетке" жайгаштырылган күндөн тартып тапшырылды деп эсептелет. Мындан кийин аскерге милдеттүү жаран аскер комиссариатына келмейинче, ага өлкөдөн чыгууга болбойт.

Расмий маалыматтарга ылайык, орус жарандыгын алууну каалаган тажикстандыктардын саны өсүүдө. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде эле 45 миңдей тажикстандык орус паспортун алган.

XS
SM
MD
LG