Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

БШК онлайн добуш сатып алуу аракети көзөмөлгө алынарын эскертти


БШК Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоонун алдында билдирүү таратып, добушту электрондук төлөм аркылуу сатып алуу аракеттерине бөгөт коюларын маалымдады.

Боршайкомдун 25-майдагы маалыматына караганда, шайлоо күнү Улуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, төлөм системаларын жүргүзүүчү операторлор жана Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы менен чогуу электрондук төлөмдөргө байкоо жүргүзүлөт.

Мындай көзөмөл 2021-жылы Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда да жүргүзүлгөнүн билдирди.

БШК талапкерлерге добуштарды сатып алуу - кылмыш жоопкерчилиги болуп саналарын эскертти. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча шайлоочулардын добушун сатып алууга айыпталган адамга 260 миң сом айыппул салынат же 2,5 жылга эркиндигинен ажыратылат.

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышууда. Алардын үчөө тергөө абагында кармалып турат. Шайлоо 28-майда болот.

Аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташка катышканы тууралуу тасма тараган соң, 27-мартта мандатын тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG