Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Михаил Подоляк Украинанын контрчабуулу башталганын билдирди


Михаил Подоляк
Михаил Подоляк

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк куралдуу күчтөрдүн контрчабуулу башталганын билдирди. Бул тууралууИталиянын Rai телеканалына берген маегинде айтып, ал бир нече күндөн бери уланып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабайт, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде Донбасс менен Крымды бошотуу үчүн колдонулат.

Кийинчерээк Твиттерге Подоляк контрчабуул "белгилүү бир күнү, белгилүү бир убакытта кызыл тасманы салтанаттуу кесүү менен" баштала турган "окуя" эместигин жазды. Анын айтымында, контрчабуулга ар кайсы багыттагы оккупациялык күчтөрдү жок кылууну көздөгөн ондогон түрдүү аракеттер кирет.

25-май күнү эртең менен Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгарыла баштаганын билдирди. Интернетке жарыяланган видеодо ал "вагнерчилер" 1-июнга чейин "арткы лагерлерге" өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айтты.

Пригожин 20-майда Бахмут толугу менен орус тараптын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Бирок Киев шаар толук көзөмөлдөн чыкканын четке каккан.

Бахмутта 2022-жылдын августунан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп, калаа дээрлик талкаланып калды.

XS
SM
MD
LG