Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Бишкекте бомба коюлган деп жалган маалымат таратууга шектүү кармалды


Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелген жаран. 25-май, 2023-жыл. Бишкек
Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелген жаран. 25-май, 2023-жыл. Бишкек

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкекте бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналып Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.

Ал 24-майда саат 00:46да Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын Инстаграмдагы жеке аккаунтуна bombaa195 фейк аккаунтунан №21 адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына жардыргыч зат коюу пландалып жатканы жөнүндө жалган маалымат жазган.

Мектептен студенттер жана кызматкерлер эвакуацияланган. Текшерүү учурунда жардыруучу зат, ок атуучу курал жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") ылайык, мындай жалган маалымат бергендер беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Бишкекте апрелде жана майда бир нече жолу бир катар мектептерге, жогорку окуу жайларынын имараттарына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, ичиндегилер сыртка чыгарылган. Текшерүүдө жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов парламентте билдирүү тараткандарды аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG