Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Киев: акыркы суткада Орусия чабуул койгон дрондордун баары жок кылынды


IRAN-EU/
IRAN-EU/

Украинанын Аскердик аба күчтөрү 25-майга караган түнү Орусия аткан "Шахед" дрондорунун баарынын мизи кайтарылганын маалымдады.

Украин армиясы акыркы кезде Орусиянын канаттуу ракеталарынын жана учкучсуз учактарынын көбү атып түшүрүлүп жатканын маалымдоодо. Бирок акыркы суткада алар биринчи жолу 100% ийгиликке жеткенин билдиришти. Орус тарап буга комментарий бере элек.

Согуш маалында тигил же бул тараптын маалыматтарын толук текшерүү мүмкүн эмес.

25-майга караган түнү Украинанын батышындагы Черновцы облусунда өрт чыкканы кабарланган. Бийлик тараткан билдирүүдө өрт сокку бутага тийгенде эмес, дрон кулап түшкөндө башталганы айтылат.

Бир күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский Иран элине кайрылып, аларды согушта Орусияга колдоо көрсөтпөөгө чакырган.

“Украинага күн сайын түнү менен чабуул коюп жаткан "Шахеддер" Иран элин уламдан-улам тарыхтын караңгы тарабына терең киргизип жатат",- деди ал.

Киев жана Батыш Москва согушта Иранда өндүрүлгөн "Шахед" деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонуп жатканын билдирүүдө. Иран жана Орусия муну тастыктаган эмес.

Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев өз кезегинде Телеграм каналында 25-майга караган түнү шаарга учкучсуз учактар сокку урганын, алар атып түшүрүлгөнүн жазды.

XS
SM
MD
LG