Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Астана Киев сунуштаган элчинин талапкерлигине макулдук берген жок


Киевдеги Жогорку раданын имаратында желбиреген туу.
Киевдеги Жогорку раданын имаратында желбиреген туу.

Киев Украинанын Казакстандагы элчиси кызматына сунуштаган Сергей Гайдайдын талапкерлигине Астана макулдук берген жок. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров кабыл алынган чечим тууралуу мындай түшүндүрдү.

"1961-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына жана эл аралык тажрыйбага ылайык, элчини кабыл алуучу тарап себебин түшүндүрбөстөн сунушталган талапкерден баш тарта алат", - деди Смадияров.

Ал Казакстан Украина менен көп тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Мурдараак Орусиянын басылмалары Украина элчиликке сунуштаган Сергей Гайдайдын талапкерлигине Казакстан макул болбогонун, Астана бул кызматта тажрыйбалуу дипломатты көргүсү келерин жазышкан. Гайдай Украинанын Орусия оккупациялаган Луганск облусунун аскерий администрациясынын башчысы болуп турган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2022-жылдын октябрында Киевдин Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алган. Анын алдында Врублевский Диас Кузаиров аттуу блогер менен болгон маегинде Украинадагы согушту комментарийлеп: “Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук алар азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деген.

Астана элчи менен сүйлөшкөнүн, ал билдирүүсү үчүн кечирим сураганын билдирген. Москва Врублевскийди Казакстандан чыгарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG