Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Депутатка иш козгоо үчүн макулдук алуу нормасы мыйзамсыз деп табылды


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 25-майда билдирди.

Конституциялык сотко бул норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган:

“Азыркы редакцияда депутатка иш козгоо үчүн Башкы прокурор сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин көпчүлүк добушу менен алардын макулдугун алышы керек. Бирок кылмыш түнбү, күнбү, ар кайсы убакта болот да, а иш козголор менен тез арада далилдерди чогултуш керек. Жогорку Кеңештен жооп келгенче канча бир мөөнөт өтүп кетип, кылмыштын изи жашырылып, жок болуп кетиши мүмкүн. Конституциянын 78-беренесинде ансыз деле депутаттын кол тийбестиги жазылган. Айыбын угузарда Башкы прокурор сунуш берип, депутаттардын макулдугун алат. Ал эми ага чейин кылмыш болдубу же болгон жокпу, иш козгоп, аныктайлы десе, жанагыдай бөгөт коюлуп калууда. Ошондуктан иш козгоого макулдукту алып салалы, иш козгой берсин, балким, далилдерди чогултуунун негизинде ошол депутаттын күнөөсү жоктугу аныкталып калаттыр. Сөз кылмыш ишин козгоо стадиясы жөнүндө гана болуп жатат. Ал эми кол тийбестигине тийишкен жокпуз, ал Конституция менен кепилденген”.

Самаков эч бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөй турганын, юрист катары билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба токтоо максатында кайрылганын кошумчалады. Эми, анын айтымында, парламент регламентине тийиштүү өзгөртүү киргизүүгө милдеттүү болот.

Конституциялык соттун чечиминде “Кылмыш жасады деген негиздүү шектенүүлөр болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз каранды эместигине кол салуу болуп саналбайт. Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, депутатка иш козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт жана Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектен чыгып кетет деп белгиледи” деп айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG