Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Депутат Акаев банктар ишкерлерге бут тосуп жатканын айтты


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 25-майдагы жыйынында банктардын, Улуттук банк жана Каржы министрлигинин ишине байланыштуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү банктар ишкерлерге бут тосуп, министрлик бул багытта шалаакы мамиле жасап жатканын айтты. Ал 2021-жылы Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы бөлгөн 150 млн. (100 миллионун насыя, 50 миллионун грант эсебинде) долларлык "Кыргызстандын жеке жана каржы секторун шашылыш колдоо" долбоору жакшы иштебей жатканын белгиледи.

"Бул акча чакан жана орто бизнеске насыя катары берилмек. Бирок 150 млн. доллардын 90 млн. доллары гана берилген. Мен өзүм да жардамчыларым менен биргеликте текшерип көрдүм. Эгер банктан пайызсыз насыя алышың керек болсо, банктын 18-20 пайыздык кредитин кошуп алышың керек. Ошенткен гана ишкерлерге батыраак берип жатат. Бул — банктардын ишкерлерге болгон бут тосуусу. Келишимде чукул колдоо максаты көрсөтүлгөн. Каржы министрлиги да банктарга чара көргүлө, акчаны бөлүп коюп эле көзөмөл кылбай жатасыңар. Биз ишкерлерге болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек", - деди Акаев.

"Кыргызстандын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо" долбоорун Каржы министрлиги ишке ашырып жатат. Анын алкагында ишкерлерге насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилери, мөөнөтү 36 айга чейин экени айтылган.

Банктарга нааразылык буга чейин акча которууларга байланыштуу дагы айтылган. Ишкерлер коммерциялык банктар мындан болуп көрбөгөндөй пайда таап жатканын белгилешкен. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө көмүскө валюта базарынын өнүгүп жатканын айтып, коңгуроо кагышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG