Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

NYT: АКШ Кремлге "кол салуу" артында Украина турат деп эсептейт


АКШнын администрациясы май айынын башында Кремлге дрондор менен чабуул жасоо аракетинин артында Украинанын аскерий же чалгындоо мекемелеринин бири турат деп эсептейт.

Бирок америкалык чалгынчыларларга окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз жана азыркы баалоого ишенимдин деңгээли жогору эмес. Бул тууралуу америкалык The New York Times гезити аты-жөнү айтылбаган администрация өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган басылма Украинанын кайсы кызматы же түзүмү кал салууну уюштурушу мүмкүн экенин АКШнын чалгын кызматы билбей турганын жазды. Ошондой эле украин президенти Владимир Зеленский жана анын айланасындагылар бул тууралуу маалыматы болгонун же болбогонун тастыктай албайт.

The New York Times басылмасынын булактарынын айрымдары Зеленский чабуул тууралуу алдын ала билбеши мүмкүн экенин айтышкан.

Атайын кызматтын алдын ала баалоосу башка жагдайлар менен катар телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшоолорго да негизделген. Мында орус чиновниктери болгон окуяга таң калганын көрсөттү, бул дрон чабуулу Орусиянын өзүнүн чагымы деген версияны көрсөтпөйт. Мындай версияны украин расмий өкүлдөрү билдирген.

New York Times гезитинин макаласында администрация Орусия болгон окуя үчүн жоопкерчиликти Украинаны колдогон өлкө катары АКШга жүктөрүнөн кооптонот.

3-майга караган түнү Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына эки дрон чабуул койгон. Анда эч ким жабыркаган эмес. Орус бийлиги кол салууну Украина уюштурган деп айыптап, аны "президентке кол салуу аракети" деп атаган. Киев буга тиешеси жоктугун билдирген.

Орусия "Кремлге дрондор менен коюлган чабуул артында Кошмо Штаттар турат, Киев аны ишке гана ашырган" деп айыптаган. Вашингтон жана Киев бул дооматы четке каккан.

XS
SM
MD
LG