Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Каракол - Эңилчек жолуна кар көчкү түштү


Каракол- Эңилчек. 24-май, 2023
Каракол- Эңилчек. 24-май, 2023

Каракол - Эңилчек автоунаа жолуна 24-майда түнкү саат 03:30да 96 миң метр кубдан ашык кар көчкү түштү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол убактылуу жабылып, кечке маал гана бир тараптуу ачылганын министрлик билдирүүдө. Маалыматка караганда, министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин жетекчилиги менен ыкчам топ Эңилчек айылынын жашоочуларынан жана жайыттардагы малчылардын абалынан кабар алуу үчүн жөнөп кеткен. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-24-май күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин эскерткен.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды транспорттун ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG