Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Гүлнара Каримованын акчасы Гибралтардагы компанияга кайтарылышы мүмкүн


Гүлнара Каримова, сүрөт 2011-жылы тартылган.
Гүлнара Каримова, сүрөт 2011-жылы тартылган.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы, коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримованын Швейцария банкындагы 303 миллион доллары Ташкентке эмес, Гибралтардагы Takilant деген офшордук компанияга кайтарылышы мүмкүн.

Былтыр июлда сот Швейцариянын прокурорлору кармалып турган каражаттар коррупциялык жол менен алынганын тастыктаган документтерди бере албагандыктан, Каримованын адвокаттарынын арызын канааттандырган.

Сотко байкоо салган активисттердин айтымында, Швейцариянын Федералдык Кылмыш сотунун чечимине прокурорлордун нааразылык билдирбей жатышынан улам акча Takilant уюмуна кайтарылат деген божомолду күчөтүүдө.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Ал коррупциялык схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган жана адалдаган деп шек саналган.

Былтыр августта каражаттар өзбек өкмөтүнө кайтарылары кабарланган.

Гүлнара Каримова 2015-жылдан бери камакта.

XS
SM
MD
LG