Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Жапон премьери Токионун НАТОго кирүү планы жоктугун билдирди


НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жана Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жана Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида.

Жапониянын НАТОго кирүү планы жок, бирок Токиодо альянстын кеңсесин ачуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу премьер-министр Фумио Кисида өкмөттүн жыйынында билдиргенин Reuters кабарлады.

Тышкы иштер министри Йосимаса Хаяши мурдараак НАТОнун Токиодогу кеңсесин ачуу планын жарыялаган. Бул - Түндүк атлантикалык альянстын Азиядагы биринчи кеңсеси.

Хаяши Орусиянын Украинага басып кириши дүйнөдөгү бейпилдикке терс таасирин тийгизип жатканын айтып, Жапония өз аймагынын коопсуздугун бекемдөөгө тийиштигин билдирген. Ал НАТОго мүчө болбосо да, кеңсенин ачылышы тараптардын тыгыз кызматташтыгын айгинелей турганын белгилеген.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг муну тастыктап, Жапонияны Түндүк атлантикалык альянстын жакын жана маанилүү өнөктөшү деп атаган.

НАТОнун Швеция, Швейцария, Австрия жана Украина сыяктуу альянска кирбеген өлкөлөрдө кеңселери бар. Алар НАТО менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу байланышты өнүктүрүү үчүн ачылган.

XS
SM
MD
LG