Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

Казак өкмөтү Орусияга дрон ташыган компания тууралуу маалыматты текшерет


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев журналисттик иликтөөлөрдө "Казакстан аркылуу Орусияга дрондорду ташыганы" айтылган компаниялар тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

"Менде "Аспан Арба" компаниясы тууралуу маалымат жок. Бирок өткөн айда бизге АКШдан жана Европа Биримдигинен делегациялар келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Эгер Орусияга санкциялык товарлар жөнөтүлүп жаткан болсо, анда бизге алардын тизмесин беришмек. Делегация мүчөлөрү "Аспан Арба" компаниясы жөнүндө эч нерсе айткан эмес", – деди министр.

Ал аталган компания тууралуу маалыматтар текшериле турганын белгиледи.

Эл аралык иликтөөчүлөр тобу Казакстан аркылуу Орусияга миллиондогон долларларга дрондорду, микросхемаларды жана башка электрондук тетиктерди жеткирген компаниялар жөнүндө өткөн аптанын соңунда иликтөө жарыялаган. Алар: казакстандык "Аспан Арба", "Da Group 22" компаниялары жана Казакстандан Орусияга компоненттерди ташыган орусиялык "Прайм-эк" компаниясы.

Батыш Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүдөгү ролуна байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө экинчи даражадагы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен. Азыр Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 11-топтомун, анын ичинде экинчи даражадагы санкциялардын механизмин талкуулап жатат.

Буга чейин Казакстандын бийлиги Орусияга каршы санкцияларды колдобогону менен Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам бербей турганын бир нече жолу билдирген.

XS
SM
MD
LG