Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Тажик-ооган чек арасын кайтарган кыргызстандыктарга кенемте төлөө сунушу талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Отуз жыл мурда тажик-ооган чек арасында тынчтык орнотуу кызматын өтөгөн кыргызстандык аскерлерге ай сайын акчалай кенемте төлөп берүү сунушталууда. Министрлер кабинети 23-майда коомдук талкууга чыгарган токтомунун долбоору “1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-ооган участогунда Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) чек арасын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайы милдет аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” деп аталат.

Эгер өкмөттүн сунушу колдоо таап, токтом кабыл алынса, 2024-жылдын 1-январынан тартып ал ардагерлерге ай сайын 1000 сом кенемте төлөнө баштайт.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, тажик-ооган чек арасында кызмат өтөп келген кыргызстандык 2351 ардагер каттоодо турат. Аларга ардагер деген макам былтыр 14-декабрда күчүнө кирген “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзам менен кайра кайтарылып берилген.

Союз кулаган учурда Ооганстанда жарандык согуш күчөп турган жана Тажикстанда да ички согуш жүрүп жаткан. Ошол кезде КМШ аскерлери эки өлкө ортосундагы чек араны кайтарууга жөнөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG