Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Мадумаров баңгизат жарнамасы илинген мекеменин ээсин жазага тартууну сунуштады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Бишкекте баңгизаттардын жарнамасы илинбеген көчө калбаганын, бул чоң көйгөйгө айланганын белгиледи.

Ал ушундай жарнама илинген мекемелердин кожоюндарын жазага тартууну сунуштады.

"Сырттан келген конокторду көчөдө жетелеп жүргөндөн уяласың. Бардык эле жерде "гашиш, мефидрон" деп дареги менен илинип турат. Бул уят, терең көңүл бура турган маселе. Кимдин имаратынан, кимдин менчигинен чыккан болсо ошону катуу жазага тартса, ал күн-түн жоготуп тазалап турат", - деди депутат.

Жогорку Кеңеш 24-майда Жарнама ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Март айынын соңунда социалдык тармактарда маңзат жеткирип иштегендердин сабалганы тартылган видеолор тарагандан кийин Ички иштер министрлиги 31-мартта билдирүү таратып, бул боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын кабарлады.

Ички иштер министрлиги баңги кылмышынын курмандыгы болгондорду Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайрылууга чакырган.

Кыргызстанда Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий алганда маңзатка берилгендер 25 миңден ашуун экени эсептелген. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүп жатканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG