Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Кыргызстандан сыртка автоунаа сатуу 12,1 эсеге көбөйдү


Электромобил. Иллюстрация.
Электромобил. Иллюстрация.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январь-март айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 2 988 автоунаа сатылды. Бул былтыркы жылдагы ушул убакытта сатылган машиналардан 12,1 эсе көп. Былтыркы үч айда болгону 160 автоунаа сыртка сатылган.

Сыртка сатылган унаалардын ичинен 3,2 млн. долларлык 988 автоунаа Казакстанга, 10,6 млн. долларлык 936 автоунаа Орусияга сатылган.

Статистика комитети ошондой эле бул аралыкта Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйткөнүн маалымдоодо. Ага ылайык, быйыл январь-март айларында жалпы баасы 41,8 млн. долларлык 1 410 электромобил алынган.

Импорттолгон электроунаалардын басымдуу бөлүгү - жалпы баасы 39,3 млн. долларлык 1 346 электромобил Кытайдан келди.

Кыргызстанга электромобил импорттоодо Кытайдан кийинки орунда Германия, андан кийин Түштүк Корея жана АКШ турат.

Статистика комитетинин маалыматына таянсак, быйыл Кыргызстандан Өзбекстанга болгону эки электромобил экспорттолгон.

Былтыр Кыргызстанга 41 миң 237 даана жеңил унаа импорттолсо, алардын эң көбү - 10 миң 604ү Түштүк Кореядан ташылган. Европа өлкөлөрүнөн жана АКШ, Канаданы кошкондо 16 миңден ашык унаа келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG