Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Украина: Кривой Рогдо жеке өндүрүш ишканалары бутага алынды


Украиналык куткаруучулар Харьковдо жабыркаган кишини ооруканага алып баратышат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Украиналык куткаруучулар Харьковдо жабыркаган кишини ооруканага алып баратышат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

19-майга караган түнү орус аскерлери Украинага кайрадан чабуул койду. Киевдин расмий маалыматына ылайык, Кривой Рогдо жеке өнөр жай ишканасы бутага алынды.

Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, цехтер зыян тартып, жабдуулар талкаланды. Бир нече имарат өрттөнүп, бир аял жараат алып, оор абалда ооруканага жаткырылды.

Киевдин аскер администрациясынын башчысы Сергей Попко баш калаага дрондор чабуул койгонун билдирди. Шаарды бутага алган бир канча Shahed учкучсуз учактары атып түшүрүлдү.

Львовдо да жардыруулардын үнү угулду. Орусия соңку күндөрү Украинага күчөткөн аба чабуулдары тууралуу маалыматтарга комментарий берген жок.

Украинанын чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка шаар-кыштактарда салгылашуу болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG