Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Боом капчыгайында селге каршы жаңы метеостанциялар орнотулууда


Боом капчыгайы. Автоматтык метеостанция.
Боом капчыгайы. Автоматтык метеостанция.

Ысык-Көл облусунун аймагындагы Боом капчыгайына кошумча автоматтык метеостанциялар орнотулуп жатканын бүгүн 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, долбоорду ишке ашырууга Internet Society (ISOC) эл аралык программасы жардам берүүдө.

Боомго эки жерге коюлган чакан станциялардын жана маалымат чогултуучу атайын жабдыктардын негизги максаты – жалпы аба ырайына жана сел жүрүү коркунучун алдын алууга байланыштуу метеорологиялык маалыматтарды чогултуу, изилдөө экени айтылды.

Жайгашкан жери боюнча орографиялык жана геологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам аталган капчыгайда нөшөр жаан, сел ыктымалдыгына байланыштуу аны аралап өткөн автожолду каптоо коркунучу дайыма сакталып турат.

Өзгөчө жайкысын Ысык-Көлгө эс алууга бараткан жана кайтып келаткандар селдин айынан жолдор жабылып, таш кулаганда жолдо калган учурлар катталып келет. Былтыр селдин айынан Балыкчы – Бишкек темир жол каттамы да бир күн убактылуу токтотулган.

Жаңы орнотулган жабдыктар жаан-чачын, абанын температурасы, жердин нымдуулугу, топурактын температурасы жана башка параметрлер боюнча маалыматтарды чогултуп турары жана аба ырайы боюнча эскертүүлөрдүн тактыгын камсыздоого кошумча жардам болору айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG