Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ысык-Көл: Мамлекеттик нотариустар кылмышка шектелүүдө


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунда бир нече мамлекеттик нотариуска кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар нотариалдык келишимдерди, машинага, кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугуна байланыштуу ишеним кат, мурастоо күбөлүгү сыяктуу документтерди одоно мыйзам бузуу менен каттаган деп шектелүүдө.

“Быйылкы жылдын 27-апрелинен 5-майга чейинки аралыкта Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам тергөө иштери жана санкцияланган тинтүү жүргүзүлүп, жасалма ишеним каттары, каттоо журналдары жана кылмыш иши үчүн маанилүү башка да буюмдар алынды”, - деп билдирди атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Шек саналып жаткан тарап УКМКнын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG