Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Түркияда оппозиция добуштарды саноодо мыйзам бузуу болгонун жарыялады


Түрк оппозициясынын атынан президенттик үчүн ат салышып жаткан Кемал Кылычдароглу.
Түрк оппозициясынын атынан президенттик үчүн ат салышып жаткан Кемал Кылычдароглу.

Түркиянын оппозициялык Элдик-республикалык партиясы 14-майда өткөн шайлоодо мыйзам бузууларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арызданды. Бул тууралуу партиянын төрага орун барасы Мухаррем Эркек 17-майда билдирди. Анын айтымында, оппозиция президенттик шайлоодо эки миңден ашуун, ал эми парламенттик шайлоодо төрт миңдей үкөктөгү добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

"Бул жалпы жыйынтыкты өзгөртпөсүн билсек дагы, биз ар бир добушка көңүл бурабыз", - деди Эркек.

Бул жолку шайлоодо Түркия жана чет жактагы добушканаларда жалпысынан 200 миңден көп үкөк коюлган.

Бюллетендер дээрлик толук саналып бүткөндөн кийинки алдын ала жыйынтыктарга ылайык, мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган 49,40% добуш менен биринчи орунда баратат.

Анын башкы атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,98% алды. Экөө тең 50% ашык добуш ала албагандыктан, президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майга белгиленди.

14-майда түрк эли парламенттин жаңы чыкырылышына өкүлдөрдү да тандашты.

XS
SM
MD
LG