Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:27

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Бишкектеги көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоо митинги. 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоо митинги. 14-октябрь, 2022-жыл.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун документти иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтына 15-майда жарыяланган.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилери жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тармактык ЖМК катары каттоодон өтүшү керек. Арызда ЖМК продукцияны кайсы аймактарга таратары тууралуу болжолдуу маалымат, маалыматты жайылтуунун тили, каржылоо булактарын көрсөтүшү зарыл.

Ошол эле кезде мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билдирүүлөрүн жана материалдарын, ченемдик укуктук актыларын чыгарган сайттар каттоодон өтпөй турганы жазылган.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго камтамчылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон.

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү президенттин администрациясы мыйзам долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ менен талдабай туруп коомдук талкууга чыгарганын айтып, сынга алышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG