Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Талас: өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү пайдасыз келишим түзгөн деп шек саналууда


Талас шаары
Талас шаары

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) Талас шаардык мэриясында жана Талас облустук өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тигүү фабрикасын курууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн деген негизде кылмыш иши козголгонун 11-майда билдирди.

"Облустук өнүктүрүү фонддун алдындагы байкоочу кеңеш Талас шаарында тигүү фабрикасын курууда сметалык документтери жана максатка ылайыктуу корутундусуз эле 82 миллион сомдук долбоорду мыйзамсыз колдогон. Наркын жасалма түрдө жогорулатып, анын бир бөлүгүн - 25 миллион сомду “Ника KG” компаниясына мөөнөтүнөн мурда которуп берген", - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Анда тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени кошумчаланган.

Аталган фонддун башчысы Эмир Тыныбеков комментарий бере албасын "Азаттыкка" билдирди.

Ал эми шаардык мэрия долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону цехти курууга жер бөлүп бергенин айтууда.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG