Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Тбилисиде Орусиянын чечимине каршы митинг өттү


Тбилисидеги Орусияга каршы акциянын бири, 2019-жыл.
Тбилисидеги Орусияга каршы акциянын бири, 2019-жыл.

10-майда ондогон грузиялыктар Тбилисиде Тышкы иштер министрлигинин алдына акцияга чыгып, Москванын чечимине каршылык билдиришти.

Ушул эле күнү орус президенти Владимир Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарга болгон чектөөлөрдү алып, грузин жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарган.

Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили Орусиянын чечимин кубаттап, бул "жарандардын күнүмдүк шарттарын жеңилдетип, ары-бери жеңил саякаттаганга жол ачарын" белгилеген.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили орус бийлигинин чечимин "чагым" деп атады.

"Орусия Украинага каршы агрессиясын улантып, биздин аймакты ээлеп турган маалда түз аба каттамдарынын жанданышы жана виза режимин жокко чыгаруу - кабыл алынгыс",- деп жазды Зурабишвили Твиттерге.

Орус президенти Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарга болгон чектөөлөрдү алып, виза режимин жокко чыгарганы 10-майда жарыяланган. Түз аба каттамдарын Орусия 2019-жылдын жайында Тбилисидеги нааразылык акцияларынан улам токтоткон.

2008-жылы Орусия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына өз армиясын киргизип, алардын төбөлсүздүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакаларын үзгөн.

Грузияга орусиялыктар бир жылдык мөөнөткө визасыз кире алышат. Украинада согуш башталганы бул өлкөгө миңдеген орусиялыктар агылган. Грузиянын Улуттук статистика кызматынын маалыматына караганда, былтыр өлкөгө 62 304 Орусиянын жараны иммиграция болгон (180 күндөн көп жашаган). "Америка добушу" буга чейин расмий маалыматтарга таянып согуш башталган 2022-жылдын февралынан ноябрга чейин Грузияга 112 миңден ашуун орусиялык киргенин жазган.

Грузин бийлиги Орусиянын Украинага согуш ачышын айыптап чыккан жана Москвага каршы эл аралык экономикалык санкцияларга кошулган. Бирок өздөрү Москвага чектөө киргизген эмес.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилинин айтымында, буга "улуттук кызыкчылыктар, экономика жана коопсуздук маселелери" себеп болгон.

XS
SM
MD
LG