Кыргызстандын Каржы министрлигине караштуу Бажы кызматы бозгундагы казакстандык оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун Батыш өлкөлөрүн Кыргызстанга санкция салууга чакырыгына жооп кайтарды.
Анда расмий Бишкектин санкцияларды кыйгап өткөн учурлары тууралуу анын айткандары жалган экенин билдирип, "чагымчыл" деп атады.
"Бажы кызматы "24kg" маалымат агенттигинин "Мухтар Аблязов Кыргызстандын биринчи адамдарына санкция салууга чакырды" деген аталыштагы макаласы боюнча Мухтар Аблязовдун Орусияга детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу берген маалыматы чындыкка дал келбейт деп билдирет. Ал детонаторлор Кыргызстандагы тоо-кен иштетүүчү компанияларга өндүрүштүк максатта алынып келген. Бажы кызматы Орусияга санкциялардан айланып өтүүгө жардам берип жатканы тууралуу маалымат жалган жана чагымчыл болуп саналат. Мындан улам аталган кызмат Мухтар Аблязовду коомчулукка жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат", - деп жазылган маалыматта.
Аблязов өзүнүн Телеграм-каналына былтыр Кыргызстан Орусияга Канададан алынган 115 миң 920 электродетонаторду реэкспорт кылганын, ошол эле маалда 2021-жылы эч кандай реэскпорт болбогонун жазган. Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстан Канадададан жалпысынан баасы 3,7 миллион долларды түзгөн 193 миң 536 электродетонатор алып келгенин билдирген.
Аблязов Инстаграмдагы баракчасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Улуттук банктын төрагасына, Бажы кызматынын башчысы баштаган кызмат адамдарына санкция салууга чакырган.
Бозгундагы оппозициячыл саясатчы буга чейин ушундай эле себептерден улам Астанага жана казак бийлигиндеги адамдарга дагы санкция салынышы керектигин билдирген.
Мунун алдында Европа Комиссиясы Орусияга Украинага каршы согуш ачканына байланыштуу санкциялардын 11-топтомунун долбоорун кабыл алган. Уюмдун төрайымы Урсула фон дер Ляйендин ырасташынча, санкциялардын кезектеги пакети үч элементтен турат. Биринчисинде, тыюу салынган товар, буюм-тайымдардын тизмесин кеңейтүү каралган. Экинчисинде, үчүнчү өлкөлөрдүн санкцияларды кыйгап өтүшүн тыйган жаңы ыкмалар болот, ал эми үчүнчүсүндө, Орусиядагы жана үчүнчү өлкөлөрдөгү санкцияларды буйтап өткөн "көмүскө" уюмдарга чектөөлөр коюлат.
Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санайт.