Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Eurovision: финалга согушту айыптаган ырлардын аткаруучулары өттү


Британиялык Ребекка Фергюсон украиналык Alyosha менен Ordinary World ырын аткарып жаткан учуру.
Британиялык Ребекка Фергюсон украиналык Alyosha менен Ordinary World ырын аткарып жаткан учуру.

Бейшембиде Британиянын Ливерпуль шаарында эл аралык Eurovision ыр сынагынын бардык финалисттери аныкталат.

9-май күнкү алгачкы жарым финалда алдыга озуп чыккан ырлардын бир тобу согуш темасына арналды.

Алардын бири - хорватиялык Let 3 тобу согушка каршы "Mama SC" деген шакаба аралаш ырды аткарып, финалга чыккан алгачкы топ болду.

Швейцариялык Ремо Форрердин балладасын коштогон сахна жасалгасында тапанчанын элеси тартылып, согушту айыптады.

Чехиянын атынан катышкан "Весна" тобу да славян тектүү кыздардын биримдигин даңазалайт. Топтун курамында чех жергесинде жашаган орус тектүү кыз бар. Ал эми ырдын сөзүн украиналык автор жазган.

Биринчи жарым финалда сынактан тышкары британиялык ырчы Ребекка Фергюсон украиналык Alyosha менен Дуран Дурандын Ordinary World ырын аткарышты. Үч мүнөт бою сахнада украин ырчысынын жашоосунда болгон окуя чагылдырылды. Көрөрмандар анын мекенин кантип таштап кеткенине, күйөөсү Тарастын согушка аттанганына күбө болушту. Элге алардын жазышкан каттарынын голограммалары көрүнүп турду. Аягында зал бүтүндөй Украинанын желегинин элесине оролду.

Британия быйыл сынакты былтыркы жеңүүчү Украинанын атынан өткөрүүдө.
Былтыр Италиядагы сынакта украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен жеңген. Британия экинчи орунду ээлеген.

Ыр таймашы “Музыка бириктирет!" деген ураан менен өтүүдө. Финалга 26 мамлекеттин ырчылары чыгат жана 13-майда "Ливерпуль Арена" залында баш байге - "Хрусталь микрофон" үчүн ат салышат.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келатат. 20 жылдан бери ага катышып келаткан Украина 2004 жана 2016-жылдары жеңген. Орусия кошунасына согуш ачканы үчүн былтыр жарыштан четтетилген.

XS
SM
MD
LG