Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Адвокат "Кемпир-Абад" ишин тергөө аяктап калганын билдирди


"Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандар.
"Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандар.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишин тергөө соңуна чыгып баратканын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакытбек Автандил билдирди. Анын айтымында, баарына бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу боюнча кошумча айып тагылган. Иш сотко ушул айдын аягында же июндун башында өткөрүлүп берилет деп болжолдонууда.

«Бизге тергөө жакында аяктай турганын, андан соң иштин материалдары менен таанышып чыгууга бир ай убакыт берилерин кабарлашты. Айрым фигуранттарга негизги үч айыптан тышкары кошумча айыптар бар», - деди Бакытбек Автандил.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелип жатканы кабарланган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды "саясий куугунтук" деп айтып келишет.

XS
SM
MD
LG