Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп жатат. Ага парламент депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар коомдук-мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар катышууда.
Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев өз сөзүндө азыркы Конституцияга ылайык, бардык жоопкерчиликти президент алганын, өлкө анын үзүрүн көрүп жатканын билдирди. Ошону менен катар Баш мыйзам өзгөрүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.
"Соңку 30 жылдын ичинде Конституция тогуз жолу өзгөргөнү тууралуу айтылып жатат. Ошону менен катар эле, Конституция ыйык куран эмес экенин, өзгөрүүгө дуушар болорун ачык айтышыбыз керек. Бирок биздин Баш мыйзам көбүнчө кайсы бир саясий топтун, саясий кызыкчылыктын эркине, каалоосуна жараша өзгөрүп келген. Мына эки жыл мурунку өзгөртүүнү Кыргызстандын, кыргыз элинин талабы деп ачык айттык. Дээрлик бардык президенттер өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу үчүн аткаруу бийлигинин башында турган премьер-министрди күнөөлөп, каалаган учурда аны жумуштан кетирип келди. Бул чындык. Азыркы президентибиз Садыр Нургожоевич өлкөдөгү оң көрүнүшкө дагы, терс көрүнүшкө дагы жоопкерчиликти өзүнө алды. Баш мыйзамда дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, учурдун ушундай талабы болсо дагы өзгөрөт",-деди Шакиев.
Мунун алдында парламентте "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкмөттү кетирүү сунушунан улам Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн.
Парламент 10-майда аталган фракциянын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке каккан. Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.
“Бүтүн Кыргызстан” өткөн айда өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштаган жана мындай чечимге Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.
Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканын өкмөттүн чарк-чамасы, экономикалык шарт менен негиздеген. .
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.
2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.