Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Лейлектеги аскерлер аралашкан чырдан улам кылмыш иши козголду


Margun rural area was changed to Ken-Talaa rural area.
Margun rural area was changed to Ken-Talaa rural area.

Аскердик прокуратура Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан калайман мушташка байланыштуу кылмыш ишин козгоду Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты. Көзөмөлдөөчү орган жакынкы күндөрү тийиштүү экспертазалар дайындаларын айтып, окуяны тергөөнүн чоо-жайы тууралуу азырынча кененирек маалымат бере элек.

Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын, кырдаал жөнгө салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн "Азаттыкка" билдирген.

Мунун алдында социалдык тармактарда Лейлектеги калайман мушташ тартылган видеолор тараган. Журналист Тургунбай Алдакуловдун ырасташынча, мушташ ошол жердеги дүкөнчү менен андан карыз алып жүргөн аскер кызматкерлеринин биринин ортосундагы араздашуудан улам тутанган.

"Ошол жердеги айрым аскерлердин жүрүм-туруму, жергиликтүү тургундарга жасаган мамилесинен улам нааразылык топтолуп калган экен",-деген Алдакулов.

Коргоо министрлиги ага караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери аралашкан окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG