Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Нукус окуяларына байланыштуу эки активист сырттан соттолду


Каракалпакстан жумуриятынын борбору Нукустагы элдик толкундоо. 1-июль, 2022-жыл.
Каракалпакстан жумуриятынын борбору Нукустагы элдик толкундоо. 1-июль, 2022-жыл.

Каракалпакстан жумуриятынын борбору Нукус шаарынын соту 10-майда «Алга, Каракалпакстан» кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаевди сыртынан 18 жана 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Соту билдирди.

Мурдараак Сагидуллаев менен Уразбаев сот тууралуу кабары жок экенин, аларга эч кандай чакыруу келбегенин билдиришкен.

Былтыр алар жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы чыгышкан. Эки активистке тең «жапырт башаламандык уюштуруу», «бийликти басып алуу үчүн кутум уюштуруу» сыяктуу кинелер тагылган.

Норвегияда жашары кабарланган 56 жаштагы Аманбай Сагидуллаев Нукустагы башаламандыктарга катышы тууралуу дооматтарды четке кагып, соттун чечимин «абсурд» деп атады. Ал эми 54 жаштагы Ниетбай Уразбаев окуялар маалында Казакстанда болгонун, казак жараны экенин билдирди.

Март айында дагы 39 каракалпакстандык активист соттолуп, алардын 28и беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылган. 11 адам шарттуу кесилген.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адам жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

Эл аралык коомчулук Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык жана калыс иликтөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG