Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Парламент курултай жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында курултай тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, анын концепциясын кабыл алды. Эми экинчи окууда документ тармактык комитетте каралып, алымча-кошумчаланат.

Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирди. Ошондой эле делегаттардын саны 700гө чейин азайганы белгилүү болду.

"Элдик курултай тууралуу Баш мыйзамда жазылып калган. Бирок биз алардын "жергиликтүү курултайларды өткөрөбүз, жергиликтүү бийликтин бюджетин карайбыз, аларга ишеним көрсөтпөө тууралуу ыйгарым укуктарыбыз болот" деген маселелерде ушул жердеги депутатардын дээрлик баары каршы болгон, Жумушчу топ ушул жерде айтылган сунуштардын баарын карады. Документти экинчи окууга алып келмейинче, эч нерсе өзгөртө албайбыз. Долбоордо 22 берене бар экени, биз аны 15ке чейин кыскарттык. Ал жерде айыл-шаарларда жергиликтүү курултайлар өтөт, акимдерге ишенбөөчүлүк көрсөтөт, бюджетти карайт деген укуктар болбойт. Делегеттар үч жылга шайланып алып, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, "маселеңерди президентке, премьер-министрге жеткирип чечип берем" деген курултайчылар болбойт. Алар бир жолу шайланат, филармониядан чыккандан кийин үйүнө курултайчы болбой барат. Биз ушундай долбоорду сунуштап жатабыз", - деди Акаев.

Жыйында бул долбоорду биринчи окууда талкуулоого байланыштуу маселе чыгып, талаш болду.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.

XS
SM
MD
LG