Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Жанар Акаев курултай мыйзамында беренелер 15ке чейин азайганын айтты


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында курултай тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап жатат. Анда документти кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев 22 берене 15ке чейин кыскарганын айтты. Ал депутаттарды долбоорду биринчи окууда кабыл алууга, экинчи окууда комитетте каралып жатканда кошумчалап-алымчалоо керектигин айтты.

"Элдик курултай тууралуу Баш мыйзамда жазылып калган. Бирок биз алардын "жергиликтүү курултайларды өткөрөбүз, жергиликтүү бийликтин бюджетин карайбыз, аларга ишеним көрсөтпөө тууралуу ыйгарым укуктарыбыз болот" деген маселелерде ушул жердеги депутатардын дээрлик баары каршы болгон, Жумушчу топ ушул жерде айтылган сунуштардын баарын карады. Документти экинчи окууга алып келмейинче, эч нерсе өзгөртө албайбыз. Долбоордо 22 берене бар экени, биз аны 15ке чейин кыскарттык. Ал жерде айыл-шаарларда жергиликтүү курултайлар өтөт, акимдерге ишенбөөчүлүк көрсөтөт, бюджетти карайт деген укуктар болбойт. Делегеттар үч жылга шайланып алып, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, "маселеңерди президентке, премьер-министрге жеткирип чечип берем" деген курултайчылар болбойт. Алар бир жолу шайланат, филармониядан чыккандан кийин үйүнө курултайчы болбой барат. Биз ушундай долбоорду сунуштап жатабыз", - деди Акаев.

Жыйында бул долбоорду биринчи окууда талкуулоого байланыштуу маселе чыкты. Талаш-тартыштан кийин талкуу бөлүмү башталды.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.

XS
SM
MD
LG