Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

ИИМ: Үч айда “каржы пирамидасы” боюнча 54 иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл алгачкы үч айда Кыргызстанда “каржы пирамидасын” уюштуруу фактыларына байланыштуу 54 кылмыш иши козголгонун 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдан калган дагы 153 ишти тергөө уланган.

Былтыр бир жыл ичинде, ИИМ билдиргендей, жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп, анын 765и сотко жөнөтүлгөн, 129у кыскартылган, төртөө жоопко тартыла тургандар аныкталбаганына байланыштуу токтотулган.

“Каржы пирамидасынан” жабыркаганын айтып, милицияга кайрылган миңден ашуун адамдын көбү Бишкек шаарында жана Ош, Ысык-Көл облустарында. Алардын материалдык чыгымы 273 миллион сом деп эсептелген, анын 481 миң сому кайтарылып берилген.

Кыргызстанда “каржы пирамидасынан” жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, демек, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет. Милиция миллиондогон акчасынан айрылган миңдеген адамдын арызы бар экенин айткан жана этият болууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG