Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Мария Певчих менен Георгий Албуров “чет элдик агенттер” тизмесине кошулду


Мария Певчих менен Георгий Албуров.
Мария Певчих менен Георгий Албуров.

Орусияда Юстиция министрлиги жума күнү, 5-майда “чет элдик агенттер” тизмесин толуктады. Жаңы кошулган жети адамдын арасында учурда абакта отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын көптөн берки тарапташтары, Коррупцияга каршы күрөш фондунун өкүлдөрү Мария Певчих менен Георгий Албуров бар. Тизмеге Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, опера ырчысы Мария Максакова-Игенбергс да кошулган.

Юстиция министрлигинин "чет элдик агент" тизмесине жүздөгөн адам киргизилген. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бар.

"Чет элдик агент" деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана жалпыга жазгандары боюнча отчет берип турууга тийиш. Болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG