Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

АКШ Орусия өзөктүк курал колдоноруна ишенбейт


АКШ Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Эврил Хейнс.
АКШ Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Эврил Хейнс.

АКШнын чалгын кызматы Орусия өзөктүк куралы тууралуу улам эскертип, коркутуп жатканына карабай, аны колдонушу күмөн деп эсептейт.

Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Эврил Хейнс бейшембиде Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сүйлөп жатып билдирди.

"Америка авазы" өлкөнүн расмий өкүлдөрү бир нече айдан бери Орусия тараптан өзөктүк курал колдонууга даярдык жышааны жоктугун, бирок ошол эле учурда көзөмөл жүрүп жатканын билдирип келгенин жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл февралда Москва АКШ менен өзөктүк курал колдонбоо боюнча акыркы "СНВ-3" келишиминен чыкканын кабарлаган. Келишимде тараптарга айрым стратегиялык куралдарды колдонууга тыюу салынган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман Владимир Путиндин 25-марттагы билдирүүсүн "текшерүүчү мүнөздөгү" коркутуу деп сыпаттаган. Анда орус президенти Москва коңшу Беларустун аймагына өзөктүк тактикалык курал жайгаштырууну Минск менен макулдашканын, бул массалык кыргын салчу куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимди бузбай турганын айткан.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салгандан кийин Москва өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтиргени маалым болгон. Кремлдин өкүлдөрү жана мамлекеттик медиа Орусиянын өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азыркыга чейин ишарат кылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG