Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыров 20-июнга чейин абакта калды


Кубанычбек Кадыров жана Азимбек Бекназаров сотто. Октябрь, 2022-жыл.
Кубанычбек Кадыров жана Азимбек Бекназаров сотто. Октябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту 3-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, канааттандырган жок. Эки саясатчы тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды.

2-майда аталган сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган Эрлан Бекчоро уулун, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы, Акыл Айтбаевди жана Илгиз Шаменовду да 20-июнга чейин камакта калтырган.

Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Бир катар эл аралык уюмдар бийликти абакта отургандарды бошотууга чакырышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG