Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Милиция: 40 миң доллар опузалаган блогер акча алган учурда кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Чүйдө өзүн блогер деп атап, 40 миң доллар опузалаган адам акчанын калган бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалганын бүгүн 3-майда облустук милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 33 жаштагы шектүү Аламүдүн районунун 76 жаштагы тургунун ал тууралуу видеону жарыяларын айтып коркуткан жана 40 миң доллар талап кылган, бул сумманын 37 миң 300үн алган.

Райондук милиция опузалоого кабылган адамдын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча иш козголгонун, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында шектүүнү 2 миң 700 доллар алып жаткан жеринен кармаганын, ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдады.

Шектүүнүн жакындары же жактоочулары милициянын маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, опузалоого шектүүнүн күнөөсү сотто далилденсе ал 2 айдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (RK)

XS
SM
MD
LG