Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

ӨКМ 6-майга чейин тоого мал айдап барбоого, эс алууга чыкпоого чакырды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн 3-майда эскертүү жарыялап, тоолуу аймактарда үшүк жүрөрүн, малды тоого айдап чыгуудан жана эс алууга баруудан карманып турууга чакырды. Мекеменин маалыматына караганда, 6-майга чейин өлкөдө аба ырайы туруксуз болуп, жаан жаайт, тоолорго кар түшөт.

“Бул күндөрү Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочулар машинага дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек, гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыздар. Жолдо баратканда машиналар ортосунда 500 метрлик аралык так сакталышы керек. 3-6-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт”, - деп айтылды ӨКМдин маалыматында.

Калың жааган кардын айынан бул күндөрү Нарында бир нече малчы миңдеген мал-жандыгы менен ашуудан өтө албай турат. Аларга жардам берүү маселеси бүгүн 3-майда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG