Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Рим папасы Украинада тынчтык орнотуу миссиясына катышууда


Рим папасы Франциск Ватикан Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтыкты орнотуу миссиясына катышып жатканын билдирди.

"Миссиянын алкагында иштер жүрүүдө, бирок чоо-жайы коомчулукка маалымдала элек. Кези келгенде кененирээк айтып берем", – деди ал.

Рим папасы тынчтыкка жетишүү миссиясы жөнүндө журналисттерге Венгриядагы үч күндүк сапарынан кайтып келатканда учакта маалымат берген.

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Украинадагы абалды Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен, Будапешт митрополити жана Венгер Илариону менен талкуулаганын кошумчалады. РБК басылмасы белгилегендей, Иларион буга чейин Орус православ чиркөөсүнүн тышкы байланыш бөлүмүн башкарган.

Франциск Орусияга же оккупацияланган аймактарга чыгарылып кеткен украин балдарын үйүнө кайтарууга көмөктөшүүгө да даяр экенин белгиледи.

Өткөн жылы февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери Франциск дээрлик апта сайын тараптарды тынчтыкка чакырып, Киев менен Москвага ортомчу болуу каалоосун бир нече жолу айткан.

Ал тынчтык орнотуу миссиясы менен Киевге да, Москвага да барууну көздөй турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG