Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Молдовада орусиячыл саясатчы кармалды


Марина Таубер оппозициянын митингинде. Архив.
Марина Таубер оппозициянын митингинде. Архив.

Молдовада орусиячыл "Шор" саясий партиясынын төрагасынын орунбасары Марина Таубер кармалды. Ал 1-майда өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып жатканда Кишеновдогу аэропортто колго түшкөнүy Коррупцияга каршы прокуратура кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, Таубер Стумбул аркылуу Тель-Авивге кетүүнү көздөгөн.

Прокуратура аны оппозициялык “Шор” партиясын мыйзамсыз каржылоого катыштыгы бар деген айып менен былтыр июлда кармаган. Эки ай камакта жаткандан кийин эч жакка чыкпоо шарты менен абактан чыккан. Өзүнө коюлган айыптарды четке каккан Таубер Израилге дарыланууга кетип жатканын билдирүүдө.

Партияны 2019-жылдан Израилде жүргөн саясатчы жана бизнесмен Илан Шор колдойт. Ал каржылык кылмыштарга байланыштуу сыртынан соттолгон. Израил бийлиги аны Молдовага өткөрүп берген эмес. Былтыр АКШ Шорго санкция салган.

Молдовада батышчыл өкмөт Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө умтулуп жатканда оппозициянын нааразылык акциялары күчөп, өлкөдө чыңалуу күч алууда.

Молдованын президенти Мая Санду өткөн айда Орусия өлкөдөгү бийликти алмаштырып, өкмөткө өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул тууралуу украин атайын кызматтары маалымат бергенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү негизсиз жана далилсиз деп атаган.

Молдованын жикчил Приднестровье аймагында 400-500дөй орус аскери бар. Алар 1992-жылкы согуштан кийин бейпил күчтөрүнүн ролунда калтырылган.

XS
SM
MD
LG